КИТЕПКАНАНЫН ЖАНА КИТЕПТИН ЖАШООСУ

ТОО АЙЫЛЫНДАГЫ ДОСТОР КИТЕПКАНАСЫ. ДОЛБООР ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ

Бул кат биз тууралуу жакшы билгендер жана сайттагы баракчабызга баш баккан коноктор, Сиздер үчүн!


p1030916
Кемин, Кайыңды айылынын мектеби. Окуучулар китепканага жеткирилген китептерди алып жатышат.

Кымбаттуу достор! 

             Биздин силерге кайрылуубуздун себеби – бул биздин мекенибиз Кыргызстандагы Кемин районундагы бир мектебинин  китепканасына белек. Сиздер окуучуларга ылайыкуу китеп белек кылсаңыздар – биз сиздерге абдан ыраазы болор элек. Биз милдет катары,  ал китептердин чаңдап жатпай,  окулуусуна чоң аракет кылабыз.

Ушул белектерибиз балдардын китеп окуу каалосуна чоң көмөк болоруна ишенебиз, адабиятка, өзүнүн жана башка улуттардын маданиятына кызыгууну  жана  коомдун ичинде  достук сезимдерин чыңдоосуна ишенебиз.

Адабияттын жакшы үлгүсү деп ойлогон китептерди тандооңузду суранабыз. Кичине балдаргабы  же өспүрүмдөргөбү айырмасы жок, окуучуларга ылайыктыгы талап кылынат.  Китепте иллюстрация бар болсо – компьютердик графика болбогону зарыл, өзү болсо улуу чыгармалардын өздөштүрүлгөн журналдык кыскартуусу эмес – чыгарманын нак өзү болушу тилек.

Аталышы жок белек болбостуктан ар бир китепти  өз колуңуздар менен каалоо тилектерди жазып беришиңиз – өзгөчө жакшы болмок. Титулдук баракта, форзацта же фронтиспистин бетине бир – эки  суйлөм аркылу окуучуларга кайрылууңарды, өз колуңуз менен аты жөнүңүздү жазып берүүңүздү, сунуштайбыз. Бул кайрылуу абдан маанилүү, окуучу менен сиздердин ортоңузга байланыш көпүрө болору анык.

   Китептерди тапшурууга бизге телефон чалып, же болбосо электрондук кат аркылуу кайрылыңыз болот.

   Белегинизди  алып кетүү шарттарына өзүбүз кам көрөбүз!     

   Кымбаттуу достор, чоң ыракмат!

СҮРӨТАЛЬБОМ. КИТЕПКАНА ҮЧҮН КИТЕП АЛЫП БАРДЫК. КЕМИН. КАЙЫНДЫ АЙЫЛЫ


Автору
Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *